• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Орто-Сай базарынын айланасындагы 40тан ашык башаламан соода-сатык алынды

Коом 0

Бишкек, 17.02.21 /Кабар/. Октябрь райондук акимчилигинын кызматкерлери Ички иштер башкармалыгы менен биргеликте Жунусалиев жана Суеркулов көчөлөрү боюнча Орто-Сай базарынын айланасына рейд жүргүзүшүп , 40 тан ашык башаламан соода-сатык түйүндөрүн жок кылышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, муниципалитеттин кызматкерлери борбор калаанын бардык аймактарында башаламан соода-сатыкка каршы күрөшүүнү улантууда.

“Биз ишкерлер менен түшүндүрүү иштери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көчөдө соода кылуунун коркунучтуулугу жана ага жол берилбестиги тууралуу айттык”,-деп айтылат билдирүүдө.

Мэриянын маалыматында мыйзамсыз соода жүргүзүүгө бөгөт коюу боюнча күн сайын рейд жүргүзүлүп турат деп айтылат.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды соода жүргүзүүнүн жана шаардын аймагына жарнактарды илүүнүн тартибин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий