• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тогуз-Тородо бензин ташыган КамАЗ жарылып, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык айылында күйүүчү май ташыган (бензин) КамАЗ унаасын оңдоо учурунда цистернасы жарылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жарылуу ширетүү иштери жүрүп жатканда болгон. Бирок бензин ташыган цистерна бош болгон.

Кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркаган. 33 жаштагы эркек киши хирургия бөлүмүнө, 34 жаштагы эркек адам жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий