• 88.68
  • 95
  • 0.95

Куткаруучулар Аламүдүн суусуна түшүп кеткен адамды аман сактап калышты

Кырсык 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Куткаруучулар калаанын Жибек-Жолу проспектисиндеги Аламүдүн суусуна түшүп кеткен адамды сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ 112 кызматына эркек адам сууга түшүп кетти деген маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, белгисиз себептерден улам сууга түшүп кеткен 1975-жылы туулган К.П., аттуу кишини 5 метр бийиктиктен атайын шаймандар менен чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Абалы канааттандырарлык экендиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий