• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулукта дайынсыз жоголгон 81 жаштагы Насиркан Кудайбергенов изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 81 жаштагы Насиркан Кудайбергенов изделүүдө.

Сокулук райондук милициясынан кабарлашкандай, ал 2-февралда Шалта айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 175-180 см, көзү кара, чачы кыска жана ак баскан.

Кийими: кара түстөгү чыптама, көлөч, спорттук шым, башында тумак.

“Кимде Насиркан Кудайбергеновдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы болсо (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35 35 29 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий