• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Чек ара кызматы: Кошумча күч жана каражаттар туруктуу жайгашкан жерине чыгарылууда

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 18-сентябры саат 22:30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде турукташтыруу тенденциясы менен кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, жетишилген макулдашуулардын алкагында мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күч жана каражаттар чыгарылып жатат.

Эки республиканын укук коргоо органдары чек ара аймактарында коомдук тартипти көзөмөлдөп, Худжанд-Канибадам/Арка-Бөрбордук унаа жолунда биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүдө.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий