• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Тажик тараптын Баткендеги 36 метрлик көпүрөнү жардыруу учуру — видео

Кырсык 0


Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Тажик аскерлеринин Баткен облусунун Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардыруусу видеого түшүп калган. Бул тууралуу КР медиа штабынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көпүрө калк үчүн дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү каражаттарды жеткирүүнү ишке ашырган маанилүү объект болуп саналат.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-сентябрында эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп, тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонгон.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан.

17-сентябрда тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарган, андан кийин Достук айылын аткылаган.

Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын берген акыркы маалыматына караганда, 17нен 18-сентябрга караган түн тынч өткөн, учурда кырдаал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда.

Чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 59 кишиге жетти, 144 адам жабыркады.

КР УКМКнын 18-сентябрь саат 22:30га карата тараткан билдирүүсүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде турукташтыруу тенденциясы менен кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгы айтылат.

Ал ортодо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу расмий билдирүү таратып, Тажикстандын агрессиясын алдын ала пландалган куралдуу акт катары баалай тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий