• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто таштандыларды сорттоочу дагы бир аянтча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.08.23./Кабар/. Ош шаарынын Ленин көчөсүндө «Аманат Сити» курулуш компаниясынын демилгеси менен таштандыларды сорттоочу жаңы аянтча ачылып, «Ош-Тазалык» адистештирилген муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилди.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов мындай саамалык үлгү болушу керектигин, жарандарга шарт түзүп берүүдө жеке тараптардын колдоосу маанилүү экендигин билдирди.

Аталган компания таштандыларды ылголоочу аянтчаны жалпы 300дөн ашык квартиранын жашоочулары үчүн ылайыкташтырып курушкан. Мындай аянтчалар компания тарабынан курулуп жаткан жаңы үйлөрдүн жанында дагы орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий