• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында бүгүндөн тарта коомдук унаалар токтойт – республикалык штаб

Аймак 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Ош шаарында бүгүндөн тарта коомдук унаалар токтотулат. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылуусун алдын ала жана жол бербөө боюнча республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ошто алдын алуу иштери уланууда. Жарандарга көчөгө чыкпай туруу сунушу айтылды.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алтыга жетти.

Пикир

Оставить комментарий