• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде ИИМ кызматкерлери чек арага жакын мектептердин окуучулары менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Баткен районундагы мамлекеттик чек арага чектеш айылдарында жайгашкан мектептерде ата-энелер жана окуучулар менен жолугушту.

ИИМден кабарлашкандай, жолугушуунун негизги максаты — үй-бүлөлүк зомбулукту, мектептерде топтошуп окуучулардын мушташууларын, рэкетчиликти алдын алуу болуп саналат.

Ошондой эле кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу үчүн балдардын укугу менен милдеттери тууралуу маек курулуп, интернет тармагындагы оюндардын, тасмалардын терс таасирлери, ата-энелер менен балдардын ортосундагы мамилелер жөнүндө кеңештер айтылып, берилген суроолорго жооптор берилди.

Чек арага чектешкен айылдардагы жергиликтүү тургундар менен дагы жолугушуу уюштурулуп, майыптыгы бар балдардын үйлөрүнө азык-түлүк салынган баштыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий