• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузак районундагы Бек-Абад-Жийде-Мундуз унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад-Жийде-Мундуз унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. Оңдоо иштери күн мурун, 26-мартта башталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жолдун бир чакырымдай аралыгына асфальт төшөштү.

"Быйыл Бек-Абад-Жийде-Мундуз унаа жолунун 5 чакырымын оңдоо каралган. Жумуштар 9-14-чакырым аралыгында жүрүүдө. Асфальт төшөө иштери бардык курулуш нормаларына жооп берет", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий