• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түп районунда күйүп кеткен трансформатор калыбына келтирилди

Аймак 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Түп райондук электр тармактарынын кызматкерлери Михайловка айылында күйүп кеткен трансформаторду тез арада калыбына келтирди.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, трансформатордун тетиги ашыкча жүктөмдүн айынан күйүп кеткен.

Кардын калындыгынан техника тыгылганына байланыштуу, трансформаторду энергетиктер колго сүйрөп, жеткизип, тез арада куйуп кеткен тетикти алмаштырышып, 2-3 саатын ичинде элге жарык беришти.

"Кандай гана абал болбосун, ызгаардуу суукпу, жайдын ысыгыбы энергетиктер ар дайым эл үчүн кызмат кылууга даяр", - деп белгилешти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий