• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чет өлкөдөгү кыргыз жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү жакшыртылат

Өкмөт 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор (2024-жылдын 1-мартынан 2025-жылдын 1-мартына чейин) өткөрүлөт.

Тиешелүү токтом министерлер кабинети тарабынан кабыл алынган.

Токтом чет өлкөдө консулдук кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жок жерлерде жүргөн жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүндүгүн камсыздоо максатында иштелип чыккан.

Чет өлкөдө консулдук кызматтарды алуу шарттарын жеңилдетүү максатында Тышкы иштер министрлиги тарабынан Россияда тейлөө борборлорун – жарандарды кабыл алуу, анын ичинде коштоочу кызматтардын бардык спектрлери, атап айтканда, алдын ала жазуу, жабдуу, кызматкерлердин да, келген адамдардын да коопсуздугун камсыздоо, жарандарга консультация берүү үчүн 24/7 колл-борбору, документтердин даяр болгондугу жөнүндө билдирүү үчүн жумушчу зоналарды берүү жөнүндө кызматташуу маселеси иштелип чыккан.

Баалоо маалыматтары боюнча учурда 1 миллиондон ашык жаран Кыргызстандын чегинен тышкары жүрөт. 2023-жылдын 5 айында 60 миңден ашык, 2022-жылы 163 миңден ашык консулдук кызмат көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий