• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто Заднепровский көчөсүндөгү тротуарды реконструкциялоо иштери аяктады

Аймак 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Ош шаарында Заднепровский көчөсүндөгү тротуарды реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жасалган тротуардын узундугу 3300 м2, туурасы 2,25-3 метр.

Долбоорго Михаил Архангел атындагы орус православдык чиркөөсүнүн айланасындагы жолду жана Курманжан-Датка көчөсүнүн Заднепровский көчөсүнөн Асранкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүн асфальттоо да кирди.

Эске салсак, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, быйыл Ош шаарында 38 көчөнүн тротуарлары реконструкцияланат. Бардык жумуштарды ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий