• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас мамлекеттик университетинде корей тилин бекер окутуу курсу ачылат

Аймак 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Талас мамлекеттик университетинде корей тилин бекер окутуу курсу ачылат. Бул тууралуу Талас мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 8-февралда Седжонг Сокулук институнун директору Сон Квон Сук иш сапары менен Талас шаарына келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда Талас мамлекеттик университетине жаңыдан ачылып жаткан корей тилин бекер окутуу курсу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Алгач корей тилин бекер окутуу курсу студенттер үчүн андан соң жумушсуздар жана каалоочулар үчүн уюштурулат.

Корей тилин жакшы өздөштүргөн студенттер үчүн Түштүк Кореяда окуусун улантууга, ал эми жумушсуздар үчүн Кореяга сезондук жумуштарга барып иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жарандарды жумушка жөнөтүү КР Миграция жана иш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитети менен Кореянын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлигинин ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын 17-ноябрында шаарлар ортосунда инвестициялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Түштүк Кореянын Чечхон шаары менен Талас шаарынын ортосунда туруктуу достук кызматташтык түзүлгөн.

Ал эми 2023-жылдын 28-мартында Түштүк Кореянын Чечхон шаарынан шаар мэри Ким Чан Гю, Чечхон шаардык кеңешинин төрагасы Ли Чжонг Им жана төраганын орун басары Ли Чжэ Шин баштаган делегация өкүлдөрү Талас шаарына келишкен. Анда Талас жана Чечхон эки шаардын ортосундагы достук мамилени чыңдоо маданият, спорт, билим берүү, өндүрүш жана айыл чарба багытында эки тараптуу кызматташууну жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында достук кызматташтык келишимине кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий