• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттары Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин «Элдик» тобунун депутаттары «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында республиканын аймактарында турак-жай куруу боюнча ишмердүүлүгү менен таанышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкнедей, алгач эл өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Маликова жана Скрябина көчөлөрүндөгү жер тилкелерине барып, курулуш иштерин жеринде көрүп чыгышты. Андан соң көчмө жыйын МИКтин кеңсесинде уланды.

Жыйындын жүрүшүндө компаниянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүнкү күнгө МИК тарабынан 15,8 млрд сомго 9 346 насыя берилгенин маалымдады. "Учурда кезекте 18 966 жаран турат", - деген А.Шыкмаматов учурдагы курулуштарга жана турак-жай каржылоо багыттарына кеңири токтолду. Муну менен катар, ал алдыдагы пландар менен бөлүшүп, 2026-жылга чейин 23 миң батир куруу мерчемделип жатканын белгиледи.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндөгү көптөгөн маселелерге көңүл буруп, мигранттар үчүн үлүштүк курулуш механизмин ишке киргизүү, курулуш секторуна инвестицияларды тартуу боюнча бир катар сунуштарын беришти.

Алсак, депутаттык топтун лидери Акылбек Түмөнбаев киргизилип жаткан узак мөөнөттүү туруктуу ипотекалык насыялоо механизми жарандардын турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатарын белгиледи. Ал эми депутат Жалолидин Нурбаев МИКке ипотека берүүнүн ислам принциптерин киргизүүнү сунуштаса, эл өкүлү Аманкан Кенжебаев Чүй облусунда турак-жай куруу маселесин көтөрдү.

Шыкмаматов депутат Арсланбек Малиевдин Мамлекеттик ипотекалык компанияга парламенттен кандай колдоо керек деген суроосуна салык жүгүн азайтуу, көзөмөлдөө, ошондой эле келишимдерди ратификациялоого көмөктөшүү керектигин айтты.

Андан тышкары, депутат Акбөкөн Таштанбеков топтоо турак жай фондун түзүүнүн негизинде комплекстүү чараларды көрүүнү сунуштады.

Эл өкүлү Максатбек Сарбагышев бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартуу жана ведомстволор аралык кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Мирлан Самыйкожо конфискацияланган мүлктөрдү башкаруу, курулуп жаткан батирлерге баа түзүү, турак-жай алуудагы кезектүүлүк боюнча маселелерди ортого салды.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттардын сунуштарын эске алуу менен МИК тарабынан берилген маалыматтар эске алынды.

Пикир

Оставить комментарий