• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын облусунда былтыр кайра иштетүү, тейлөө багытындагы 31 чакан ишкана ачылган

Аймак 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында 2022-жылы кайра иштетүү, тейлөө багытындагы 31 чакан ишкана ачылып, 314 жумуш орду түзүлгөн. Бул тууралуу 7-февралда өткөн Нарын облустук коллегиясынын кезектеги отурумунда айтылды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, негизинен 2022-жыл ичинде облустун өнөр жай, айыл чарба, ирригация, курулуш жана башка бардык негизги тармактарында өсүш бар. Алсак, өнөр жай тармагында 4003,8 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 744 миллион сомго көбөйгөн.

Ат-Башы ГЭСи 183 млн кВт саат электр энергиясын өндүрүп, өндүрүлгөн энергия былтыркы жылга салыштырмалуу 46,9 миллион кВт саатка көп болгон.

"Айыл чарба продукцияларынан жана кызмат көрсөтүүлөрүнөн дүң өндүрүү 24683,6 миллион сомду түзүп, өсүү темпи 114,2% болгон. Ири мүйүздүү мал 7 миң 271 башка, кой-эчкилер 11 миң 15 башка, жылкы 4 миң 646 башка, үй канаттуулары 2 миң 263 башка өсүш берген", - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми ирригация тармагын жакшыртууга республикалык бюджеттен 103 млн 444,8 миң сом бөлүнүп берилип, суу чарба иштери жакшыртылган. Облус боюнча пайдаланылбаган аянт өткөн жылдагыдан 1921 гектарга кыскарган.

Белгилей кетсек, коллегиялык жыйында облустун 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына баа берилип, 2023-жылга милдеттер белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий