• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузакта 30 түрдүү кызмат көрсөтүүнү камтыган жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. Сузак районунда 6 айыл өкмөтүн тең тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КТБ Багыш айылында ачылып, өзүнө 30 түрдүү кызмат көрсөтүүнү камтыйт.

Райондук администрациянын башчысы Баратбек Сыдыкназаров жаңы борбор Сузак айылында иштеп жаткан КТБнын эмгегин жеңилдетип, кызмат көрсөтүүнү тезирээк алып баруу шарттай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий