• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы Жалал-Абад облусунда 1,4 миң ишкана ачылган

Аймак 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. 2023-жылы Жалал-Абад облусунун аймагында 1 миң 402 ишкана ачылып, анын эсебинен 5 миң 571 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Бишкекте жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Облус башчысы бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 549 ишканага жана 2 миң 128 жумуш орунга жогору болгонун белгиледи.

Өткөн жылы Жалал-Абад облусу боюнча 52 млрд 666 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн.

Ыйгарым укуктуу өкүл 2023-жылы өнөр жай тармагында ишке берилген ири инвестициялык долбоорлорду атады. Ага катар аймакта 23 орто жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор даярдалып, 7 чакан ГЭСтердин курулуштары кызуу жүрүп жатканын, анын ичинен 4 чакан ГЭСтердин курулуштары аяктап, 2 мини ГЭС ишке берилгенине токтолду.

Пикир

Оставить комментарий