• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жер мунапысы. 140 миңден ашык арыз түшүп, анын 50%ы канааттандырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда жер мунапысынын алкагында 140 миңден ашык арыз түшүп, анын 50%ы канааттандырылды. Бул тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында акимдин орун басарлары, комиссия башчылары, негизи эле бардык тиешелүү кызматкерлер бир да коррупцияга аралашпасын жана келип түшкөн арыздарды тезинен карап, чечип берип турушсун.

“Ал эми айдоо жерлерине токтолсом 42 миң 567 гектар жер айдалбай калды. Көйгөй – сугат суу. Бул максатта ирригацияга былтыр 1 млрд, быйыл 2,2 млрд сом карап жатабыз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан да алгылыктуу иштер болушу керек”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий