• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында 1,2 миң орундуу заманбап билим берүү комплекси курулат

Аймак 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Ош шаарында Россия тарабынан 1,2 миң орундуу заманбап билим берүү комплекси курулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун Россия Федерациясынын президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков баштаган делегация менен жолугушууда маалым болду.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар Россия Федерациясынын атынан Ош шаарында заманбап мектеп куруу боюнча пландалган долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Мэр бул окуу комплекси шаардагы заманбап билим берүү стандарттары боюнча окуучуларды даярдоочу алдыңкы жайга айланаарын белгилеп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан бардык зарыл болгон колдоолор көрсөтүлөөрүн баса белгиледи.

"Бул 1 миң 224 орундуу заманбап билим берүү комплексинде бассейндер, стадиондор, спорт аянтчалары бар болот. Бул объект орус-кыргыз достугунун символу болуп калат. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташууга үмүттөнөбүз. Жалпысынан республика боюнча ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында 9 комплекс курулат. Пландалгандай, бул окуу комплексине жергиликтүү орус тили мугалимдери да, Россиянын тиешелүү педагогикалык жогорку окуу жайларында керектүү окуудан өткөн мугалимдер да тартылат. Ал заманбап инновациялык, санариптик билим берүү технологияларына ылайык окууларды өткөрө турган биргелешкен квалификациялуу команда болот”, - деди А.Рыбаков.

Делегация объектинин курулушу үчүн сунушталган участоктор менен жеринде таанышып, акыркы чечим инфраструктуралык жана шаар куруу аспектилерин координациялоо боюнча зарыл процедуралардан кийин кабыл алынаары маалым болду.

Ошондой эле инфраструктуралык жана шаар куруу маселелерин чечүү, чечимдерди тез арада кабыл алууга көмөктөшүү, изилдөө иштери талкууланды.

Жолугушууга КР билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков катышты. Алар 29-мартта билим берүү комплекстеринин курулушу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу пландалып жатканын билдиришип, ар түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий