• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызстанды ДСУнун алдындагы Жаштар кеңешине киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда

Коом 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Кыргызстандагы аймактык директорунун атайын өкүлү Шахин Хусейнов менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Тактап айтканда, Чыңгыз Эсенгул уулу министрлик өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик саясаттын 7 багытын көзөмөлдөй турганын, ага байланыштуу ДСУ менен кызматташууну кеңейтүүнү карап чыгуу мүмкүн экенин белгилеп, анын ичинде жаштар саясатын ишке ашыруу, тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерге каршы күрөшүү маселелерине токтолду.

Чыңгыз Эсенгул уулу ошондой эле, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ар кандай программаларды ишке ашырууда, атап айтканда, тамекиге каршы күрөшүү программасына жана пандемия учурунда COVID-19га каршы эмдөө боюнча маалыматтык колдоо көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Ал эми Шахин Гусейнов Кыргыз Республикасын ДСУнун алдындагы Жаштар кеңешине киргизүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий