• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Таласта чет элдик миссионерлер католицизмди мыйзамсыз үгүттөгөн

Аймак 0


Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Талас облусунда чет элдик миссионерлердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Словакиянын С.Д. жана Э.Э. аттуу жарандары мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын уруксаты жок, Талас шаарынын тургундарынын арасында Рим-католик чиркөөсүнүн (католицизм) идеологиясын үгүттөшкөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен аталган чет өлкөлүк жарандарга КР мыйзамдарын бузууга жол бербөө үчүн эскертүү менен административдик айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий