• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең Жалал-Абад шаарынын эки кичирайонунда суу болбойт

Аймак 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Эртең Жалал-Абад шаарынын эки кичираойнунда суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу 25-да саат 10:00дөн 18:00гө чейин Спутник, Көк-Арт кичи райондоруна суу берүү убактылуу өчүрүлөт.

Шаардык мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий