• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Букада бак түшүмдүүлүгүн арттыруу боюнча окутуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда USAIDдин "Ага Хан" бейөкмөт уюму менен биргеликте "Агросоода" долбоорунун алкагында 5 жылдык мөөнөткө атайын долбоор башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор бир жылдык ишинин жыйынтыгын чыгаруу менен райондун Ак-Коргон айыл аймагындагы Сафед-Булан айылындагы кайналы бакка барып 5 айылдын дыйкандарынын катышуусундагы "Талаа күнү" өткөрүлдү.

Анда катышуучулар бир жыл мурда кыйыштырылган кайналы көчөттөрү мөмөсү чон жана түшүмдүүлүгү жогорулаганына күбө болушту. Мындагы дыйкандарга долбоордун эксперттери тарабынан кайналынын жаңы сортторун туура кыйыштыруу жолдору үйрөтүлдү.

Долбоордун башкы максаты - айыл жерлеринде сапаттуу экологиялык жактан таза мөмө алуу менен чоң кирешеге жетүү, кайра иштетүү жана дыйкандардын тажрыйбасын өркүндөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий