• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башы районунда шайлоого карата алдын алуу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Ат-Башы районунун аймагында алдыдагы парламенттик шайлоого карата алдын алуу иштери уланууда. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шайлоо күнүнө карата даярдык көрүү, шайлоо өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту, коомдук тартипти камсыз кылууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте милициянын көчмө кабылдамасы менен айыл тургундарына жеринен жолугушуулар өткөрүлүп, таза шайлоо өткөрүүгө жана коомдук тартипти сактап берүүгө чакырып, шайлоо мыйзамдарын бузгандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралганы эскертилип, шайлоонун тынч өтүүсү боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат.

"Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен айыл аймактарга иш сапарга чыгышып, жарандардын арыз даттанууларын, кайрылууларын жеринен кабыл алып, көмөк көрсөтүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле калк арасында добушун саткан да, сатып алып жаткан да жарандар жоопко тартылаары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий