• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУ Кытайдын Сямэнь университети менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Эл аралык QS рейтинги боюнча дүйнө жүзүндөгү “Эң мыкты 400” университеттин катарына кирген Кытайдын Сямэнь университети менен Ош мамлекеттик университети кызматташуу келишимине кол койду.

ОшМУдан билдиришкендей, келишимге ректор Кудайберди Кожобековдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында жетишилди.

Анда ректор Кудайберди Кожобеков Сямэнь университетинин ректору Чжан Зун И менен жолугуп, студенттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, эки окуу жайдын илимпоздорунун биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу долбоорлорун талкуулашты.

Сямэнь университетинин ректору Чжан Зун И ОшМУ менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Сямэнь университети Кытайдын жогорку окуу жайларынын ТОП 10 тизмесине кирген эң мыкты университеттердин бири. Окуу жай искусство жана гуманитардык илимдер, инженерия жана технология, социалдык илимдер, табигый илимдер, коомдук илимдер боюнча дүйнө жүзүндө алдыңкы орунда турат.

Белгилей кетсек, Кудайберди Кожобеков сапардын алкагында бүгүн, 7-декабрда Пекин шаарында "Эл аралык кытай тилинин өнүгүүсү" аталышындагы конференцияга катышат.

Пикир

Оставить комментарий