• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен милициясы татаал шарттарда дагы байланыш түзгөн 49 радиостанция менен камсыздалды

Аймак 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы татаал шарттарда байланыштын жакшы сапатын камсыз кылууга мүмкүндүк берген заманбап 49 радиостанция менен камсыздалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, локалдык тармактарды кеңейтүүгө жана байланышты үзгүлтүксүз жүргүзгөң эки радиоэлектрондук репитер жабдуулары дагы берилди.

“Ушул сыяктуу радиоэлектрондук шаймандар алыскы аймактарда колдонуу үчүн зарыл. Аталган байланыш каражаттары ЕККУнун “Ички иштер органдарын колдоо” программалык долборунун негизинде берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий