• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда “Мал ууру” аталышындагы ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында 8-10-апрель күндөрү “Мал ууру” аталышындагы ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу облустук милиянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара бети ачылбай калган мал уурулук фактыларын бетин ачуу, мал базарларда жана эт азыктарына уурдалган малды сатууга бөгөт коюу, малга мыйзамсыз маалым кат бергендерди көзөмөлдөө жана каттоосу жок мал союу жайларын аныктоо максатын көздөйт.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын, райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ар кайсы аймактарга бөлүнүшүп, тиешелүү иштерди жүргүзүшүүдө.

2022-жылдын 3 айында Жалал-Абад облусунда 39 мал уурулук фактысы катталып, 20 кылмыштын бети ачылган.

Пикир

Оставить комментарий