• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айыл чарба министрлиги айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, миллиарддаган сом каражаттар бөлүндү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров билдирди.

Анын айтымында, быйыл “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча фермерлерге 6,2 млрд сом насыя берилет.

"Насыя "РСК" жана "Айыл банктар" аркылуу 6%дык чен менен берилет. Былтыр аталган долбоордун алкагында насыялар 10%га чейин берилген. Насыя мурдагыдай эле 3 багыт боюнча берилет: кайра иштетүү, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы”, - деди ал.

Ал кошумчалагандай, быйылкы жылы министрлер кабинети тарабынан үрөн сатып алууга 1,5 млрд сом каралган.

“Бул үрөндөр Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан сатып келинет. Негизинен Россия Федерациясынан сапаттуу үрөндөрдү сатып алуу пландалган. Жалпысынан 16 миң тонна үрөн сатылып алынат, азыркы учурда жазгы талаа иштерине анын 6 миң тоннасы алып келинди. Үрөндөр “Айыл банк” аркылуу 4,5%да эки жылдык мөөнөттө менен берилет", - деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал жер семирткичтерди сатып келүүгө жана ирригация тутумун оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 1 млрд сомдон бөлүнгөнүн белгиледи.

“Быйыл сугат суу тартыштыгын алдын алуу үчүн ирригация тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда Суу чарба департаментинин балансында турган каналдар жана суу сактагычтар 80%га оңдоодон өткөрүлүп, сугат учуруна даяр", - деди ал.

Мындан тышкары, Алишеров айыл чарба техникаларын лизингге алуу пландалып жатканын кошумчалады. Учурда бул максатта республикалык бюджеттен 271 млн сом бөлүү маселеси каралып жатат.

Министрдин биринчи орун басары быйыл айыл чарбасын кластердик ыкма менен өнүктүрүүгө, тактап айтканда, эт, картошка, балык, өсүмдүк майы, кумшекер жана башка өңдүү продукциянын айрым түрлөрүнө 9 миллиард сом бөлүнөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий