• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

9-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 5-декабрдан 9-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 5-декабрда күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт

6-декабрда жана 7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-декабрда күндүз жана 9-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

5-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

6-9-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

5-декабрда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

6-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-декабрда күндүз жана 7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-декабрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

8-декабрда күндүз жана 9-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-декабрда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

5-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы кутүлөт.

6-декабрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы кутүлөт. 6-декабрда кундүз жана 7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-9-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

5-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

6-7-декабрларда жана 8-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

8-декабрда күндүз жана 9-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

5-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

6-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-декабрда күндүз жана 7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-декабрда күндүз жана 8-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

9-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий