• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө эмне үчүн өтүшү керек? Министрликтин түшүндүрмөсү

Билим 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүүсү – жетиштүү ойлонулган чечим экенин билдирет.

Маалыматка ылайык, 12 жылдык мектеп – жалпы дүйнөлүк тренд. Дүйнөнүн 136 өлкөсү (АКШ, Сингапур, Финляндия, Грузия, Казакстан ж.б.) өз балдарын жана жаштарды ушинтип окутуп жатат.

“Эгерде балаңыз Кыргызстанда мектепти аяктагандан кийин андан ары чет жакта билим алуу үчүн окууга тапшыра турган болсо, бул ыңгайлуу. Анын ичинде бул Кыргызстандан мектепти аяктаган бүтүрүүчүнүн аттестатын чет мамлекетте таанууну жеңилдетет”, - деп айтылат маалыматта.

Иш жүзүндө Кыргызстанда мектепке чейинки даярдоону 1-класска кыйынчылыксыз трансформациялоо болжолдонууда. Бул толук кандуу 12 жылдык мектеп билим берүүсүн түзөт. Жаштар азыркы 11 жылдык окутуудагыдай эле куракта мектепти аяктайт дегендик. Ошону менен бирге 12 жылдык билим берүүгө өтүү 2022-жылы эмес, бардык зарыл окуу материалдары иштелип чыккандан кийин жүзөгө ашырылат.

Система мындай өтүүгө даяр – өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен соңку бир нече жылда мектептердин астында төрт миңге жакын мектепке чейинки даярдоо классы акырындык менен түзүлүп, жабдылып калган. Аларга жыл сайын 5,5 – 6,5 жаштагы 102-107 миңдей бала барат (бул 1-класска барган балдардын жалпы санынын 70 пайыздан ашуунун түзөт).

“Мектепке алты жаштан тартып кабыл алуу бала бакчалардын жүгүн кыйла азайтып, балдардын эрте куракта, мисалы, эки жаштан тартып бала бакчага баруусуна мүмкүндүк берет, азыр болсо орун жоктугунан мүмкүн эмес болуп жатат”, - деп белгилешти министрликтен.

Мектеп окуу программасы жалпысынан жүктү азайтып, 12 жыл аралыгында бирдей кайра бөлүштүрүү жагына кайра каралат. Бул балдарга өнүктүрүүчү ийримдерге, спорттук секцияларга, өздөрү кызыккан курстарга, өсүп жаткан организм үчүн абдан маанилүү болгон эс алууга көбүрөөк бош убакыт калтырууга мүмкүндүк берет. Башталгыч класстарда үй тапшырмаларына 1,5 сааттан ашпаган убакыт, ортоңку класстарда – 2,5 сааттан ашпаган убакыт, жогорку класстарда – 3,5 сааттан ашпаган убакыт кетет.

12 жылдык мектеп келечектеги кесипти тандоого көбүрөөк багытталган. Бул колледждердеги жана жогорку окуу жайлардагы жалпы билим берүү предметтеринин санын кыскартууга жардам берип, аларга кесиптик блоктордун атайын сабактарына көбүрөөк басым жасоого мүмкүндүк берет.

12 жылдык мектепте окуучунун үч айлык же алты айлык кесипке даярдоо курстарынан өтүп, кесиптик лицейлердин базасында кыска мөөнөттөрдө жөнөкөй, бирок көбүнчө зарыл болгон жумушчу кесипти алуусуна убакыт болот. Каалоосуна жараша, албетте. Кандайдыр бир негизги кесипти алуу, эгерде жаштарга мектепти аяктагандан кийин үй-бүлөлүк жагдайга жараша дароо эле эмгек базарына чыгуу зарыл болсо, аларга жардамга келерин эске тутуу маанилүү.

Пикир

Оставить комментарий