• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖОЖго кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТнын алдын ала мөөнөтү белгилүү болду

Билим 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) алдын ала мөөнөтүн билдирди.

Анын айтымында, тестирлөө болжол менен үстүбүздөгү жылы 24-30-ноябрда өтөт.

"Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет", - деди ал.

Эске сала кетсек, өткөн жылы кышкы тестирлөөгө 1 миң 260 адам катышып, анын 800дөн ашыгы өлкөдөгү ЖОЖдорго тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий