• 88.68
  • 95
  • 0.95

Иманкулов БА жана Индия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты

Коом 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Астана шаарында Борбор Азия жана Индия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилеринин 2-жолугушуусуна катышты.

Салтка айланган иш-чара регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле ушул форматтын алкагында кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулоону камтыды.

Өз сөзүндө Марат Иманкулов учурдагы геосаясий кырдаалды эске алуу менен тиешелүү чараларды иштеп чыгуу үчүн учурдагы коопсуздук тобокелдиктери өлкөлөрдүн ичиндеги процесстерге жана жалпы эле регионалдык кырдаалга канчалык таасир эте аларын аныктоо маанилүү экенин белгиледи.

Бул контекстте ал Борбор Азия өлкөлөрү менен Индиянын афган жолунда, ошондой эле терроризмге, экстремизмге, башка чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кеңири өз ара аракеттенүүсү биздин мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктарына жооп берерин жана региондогу туруктуулукту бекемдөө процессине оң таасир этерин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий