• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 3, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3, Баткен облусунда 2 өрт катталган.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Жаңы-Арык айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн жалпы 99 чарчы метр чатыры, 2 бөлмөнүн 32 чарчы метр ички жасалгасы, үй эмеректери жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий