• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нурбек Сатаров Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп Нурбек Сатаров дайындалды. Бул туралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 12-июлда шаар мэри Эрнисбек Ормоков Нурбек Сатаровду эмгек жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.

Нурбек Сатаров эмгек жолун Нарын облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис катары иштөөдөн баштаган. Ал эми 2020-жылы Ат-Башы районунун акими, 2021-жылдан ушул мезгилге чейин Ала-Бука районунун акими кызматын аркалап келген.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий