• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына видеоконференция режиминде катышты

Президент 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-октябрда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчылар Кеңешинин мааракелик 30-жыйыны видеоконференция режиминде болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйын Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун төрагалыгында өттү. Ошондой эле саммитке Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Молдова Республикасынын премьер-министри Наталья Гаврилица, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Туркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев жана КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы — Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышты.

Иш-чара жүрүшүндө КМШ мамлекеттеринин делегация башчыларынын эл аралык жана регионалдык көйгөйлөр боюнча Шериктештик алкагында өз ара аракеттенүү тууралуу пикир алмашуусу болду. Катышуучулар көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн негизги жыйынтыктарын чыгарышты. Коопсуздук, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык маселелерин, ошондой эле реалдуу түзүлүп жаткан жагдайда өз ара аракеттенүүнүн башка актуалдуу өңүттөрүн талкуулашты.

Өз сөзүндө президент Садыр Жапаров 30 жыл ичинде КМШ жалпы экономикалык, маданий-гуманитардык жана маалыматтык мейкиндикти сактап калууга жана өнүктүрүүгө жардам бергенин белгиледи. Бул жаңы суверендүү мамлекеттердин түзүлүшүнө жана бекемделишине олуттуу колдоо болду.

Ал Кеңештин отурумунун катышуучуларынын көңүлүн Шериктештикке мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин эртерээк бүтүрүүгө бурду, ошондой эле чек ара аймактарында өз ара ишеним чараларын күчөтүү боюнча ар тараптуу, сапаттуу иштерди биргелешип жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан сырткары, мамлекет башчысы КМШ жана башка уюмдардын байкоочулар миссиясын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине алдыдагы шайлоолорго мониторинг жүргүзүүгө чакырды.

Аны менен бирге, президент Садыр Жапаров дүйнөлүк коомчулукту көп улуттуу афган элине ар тараптуу жана азык-түлүк боюнча колдоо көрсөтүүгө чакырып, ал эми жыйындын катышуучуларына Афганстанга КМШ эгида алдында гуманитардык жардам жөнөтүүнү сунуштады.

КМШ мамлекет башчылар Кеңешинин төрагасы Александр Лукашенко Садыр Жапаровдун демилгесин колдоого алып жана КМШнын Аткаруу комитетине тийиштүү ишти уюштурууну тапшырды.

Жыйын жыйынтыгы боюнча бир катар документтер кабыл алынды, анын ичинде КМШга катышуучу мамлекет башчыларынын КМШнын 30 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү.

Пикир

Оставить комментарий