• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата жарманке өтөт

Аймак 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Эртең, 16-октябрда Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата Ош шаарынын Алымбек датка аянтында жарманке өтөт.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жарманкеге жергиликтүү дыйкандардын табигый азыктары коюлат.

"Айыл чарба жарманкесинде Ош шаарынын тургундары жергиликтүү шартта өндүрүлгөн товарларды сатып алууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле жарманкенин жүрүшүндө жарандар туура тамактануу боюнча эксперттен кеңеш сурай алат. БУУнун агенттиктери Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен биргеликте дыйкандарга колдоо гана көрсөтпөстөн, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүү үчүн жарманке уюштурууда. Жарманкеде коомчулуктун натыйжалуу, инклюзивдүү жана туруктуу азык-түлүк тутумдарына өтүүсүнө көңүлүн бурат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий