• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында студенттер арасында достук фестивалы өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.06.23. /Кабар/. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 7 облустун мамлекеттик жогорку окуу жайлары арасында “Студенттер - билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аталышындагы достук фестивалы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, 7 облустан келген мамлекеттик окуу жайлардын ректорлору, проректорлору, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Фестивалдын алкагында академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу багытында маданий, спорттук иш-чаралар уюштурулган.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль 7 жылдан бери 7 облустагы мамлекеттик университеттердин ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык, достукту чыңдоо, тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий