• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: "Фейсбук" аркылуу массалык башаламандык уюштурууга чакырган жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын 19-ноябрында массалык баш аламандык уюштурууга чакырган “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Адис Жумгалов” аккаунтунун колдонуучусу – 1980-жылы туулган КР жараны М.А.Р. аныкталып, кармалды

Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен кутулуу үчүн колдонуучу М.А.Р. купуялык орнотуп алган, б.а. “Фейсбук” социалдык тармагындагы фейк аккаунтун колдонгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.Р.нын жашаган жеринде 4 даана мобилдик уюлдары, 1 даана персоналдык компьютер, 2 даана ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар, ошондой эле кылмыш иши үчүн мааниси бар башка буюм далилдери табылып алынды.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий