• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинаны 77 миң 481 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы вакцинаны 5 миң 438 адам алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 77 миң 481 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 27 миң 602сы вакцинанын экинчи дозасын алды.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкекте – 19 миң 990;
- Ошто – 5 миң 810;
- Чүй облусунда – 12 миң 329;
- Ош облусу – 10 миң 371;
- Ысык-Көл облусу – 7 миң 618;
- Талас облусу – 3 миң 633;
- Нарын облусу – 3 миң 649;
- Жалал-Абад облусу – 10 миң 106;
- Баткен облусу – 3 миң 270.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий