• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек жана Чүйдө кургак учук менен ооругандардын саны көп

Ден соолук 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылы кургак учук менен ооругандардын көрсөткүчү туруктуу бойдон калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо миинистрлигинин коллегиялык жыйынында айтылды.

Атап айтсак, 2018-жылы даарыланууда 7 миң 324 адам болгон. Анын ичинде 5 миң 808 адамда кургак учук жаңы аныкталган. 2017-жылы бул көрсөткүч 5 миң 616 адамды түзгөн. Эң жогорку көрсөткүчтөр мурдагыдай эле Чүй облусунда жана Бишкек шаарында байкалууда. Бул ички миграциянын Чүй облусуна жана Бишкекке болгон агымына байланыштуу. Чүйдө 100 миң калкка 126,8 учур катталган жана Бишкекте 100 миң калкка - 88,4 учур катталган.

Ал эми 2018-жылы республика боюнча балдар арасында кургак учук менен жабыркагандардын саны алдын ала ыкчам маалыматтарга ылайык, 100 миң калкка 15,0 учурду түзгөн.

Кургак учуктан көз жумган учурлар акырындап азаюу тенденциясына ээ. Мисалы, 2018-жылы кургак учуктан көз жумгандардын көрсөткүчү 100 миң калкка 4,6 учур. 2017-жылы бул көрсөткүч 5,2ни түзгөн.

Кыргызстанда кургак учукту аныктоо боюнча заманбап ыкмалар киргизилген. Алар жада калса кургак учуктун туруктуу формасын да аныктай алат.

Пикир

Оставить комментарий