• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМПУда Аялдардын эл аралык майрамына арналган спорттук мелдештер өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде спорттун волейбол, тогуз коргоол жана шахмат түрлөрү боюнча мелдештер болуп өттү.

Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, мелдештер 8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата айым мугалимдердин арасында өттү.

Иш-чараны алгач окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, айымдарды жаз майрамы менен кызуу куттуктады.

Мелдеш, жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү жана ден соолукту чыңдоо максатында окуу жайдын дене тарбия жана гуманитардык факультети тарабынан уюштурулган.

Мелдештин жыйынтыгында тогуз коргоол мелдеши боюнча 3-орунду ректораттын кызматкери Элвира Койлубаева, 2-орунду табият таануу жана география факультетинин кызматкери Нурайым Аматова жана 1-орунду математика жана компьютердик технологиялар факультетинин окутуучусу Гүлбарчын Алибекова камсыздады.

Ал эми шахмат боюнча 1-орунду англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасынын улук окутуучусу Элиза Рахманова, 2-орунду ошол эле кафедранын усулчусу Беназир Тешебай кызы ээледи.

Ошондой эле волейбол оюну боюнча 3-орунга музыкалык-педагогикалык факультети, 2-орунга колледж бөлүмү, 1-орунга табият таануу жана география факультетинин айымдары ээ болушту.

Жеңүүчү командалар жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий