• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте күрөш боюнча Олимпиада оюндарына тандоо турнири өтөт

Спорт 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Бишкекте 19-21-апрель күндөрү күрөш боюнча Олимпиада оюндарына тандоо турнири өтөт.

Спорттук иш-чара “Бишкек Арена” муз аянтчасында орун алат.

Мелдеште быйыл Парижде боло турган Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат. Турнирге чет өлкөлүк спортчуларга тең тайлаша кыргызстандык балбандар да катышат.

Килемге биринчилерден болуп эркин күрөш боюнча балбандар чыкмакчы.

Алар алты олимпиадалык салмак категориясында күч сынашат: 57 кг, 65 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг жана 125 кг.

Кыргызстандын намысын коргоп, Олимпиадага катышуу үчүн жолдомо алууга төмөнкү балбандар күрөшөт:
- Бекзат Алмаз уулу (57 кг);
- Эрназар Акматалиев (65 кг);
- Орозбек Токтомамбетов (74 кг);
- Нуртилек Карыпбаев (86 кг);
- Андрей Аронов (97 кг);
- Айаал Лазарев (125 кг).

Пикир

Оставить комментарий