• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Америкалык чабандестер III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келишет

Спорт 0

Бишкек, 23.01.18 /Кабар/. Nomad cowboys америкалык командасы Кыргызстанда өтүүчү III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келишет. Бул тууралуу команда Facebook баракчасында билдирди.

Nomad cowboys ошондой эле кышкы машыгууларынын видеосун көрсөтүшкөн.

Чабандестердин баракчасынан III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ойношу мүмкүн болгон оюнчулардын өткөн жылдын декабрында жүктөлгөн сүрөттөрүн көрүүгө болот.

Америкалык көк бөрү оюнчуларынын баракчасында Астанадагы көкпар боюнча дүйнө чемпионатында ойноого жетишкен оюнчулардын, америкалык көк бөрү командасынын дагы сүрөттөрүн көрүүгө болот.

II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында америкалык команда жыйынтыктоочу турнирде Казакстан командасы менен, ал эми 2017-жылдын августунда Астанадагы бешинчи дүйнөлүк көкпар чемпионатында ойногон.

Пикир

Оставить комментарий