• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эгемендүүлүк күнү: Чуңкурчакта салттуу жаа атуу спорту боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда “Салбуруун 2022” аталышындагы салттуу жаа атуу спорту боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Салбуурун федерациясынан билдиришти.

Спорттук иш-чара эгемендүүлүк күнүнө карата 29-31-август аралыгында өтөт.

Салттуу жаа атуу мелдешине бул ирет Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Малайзия, Сингапур, Россия, Башкортостан, Венгрия, АКШ, Германия, Франция, Испания, Индонезия жана башка жерлердин көзгө атар мергенчилери келет.

Жалпы жонунан 120дан ашык жаачылар ат үстүндө жана жөө жаа атуу боюнча күч сынашат.

Ал эми иш-чаранын ачылышында, 29-августта жаачылардын салттуу кийимдеги парады өтөт.

Пикир

Оставить комментарий