• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө биринчилигинин (U-23) жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде (U-23) кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы чейрек финалда атаандашын жеңип жарым финалга чыкты.

Чейрек финалда Айпери Медет кызы (76 кг) канадалык Гресилин Дуган (Gracelynn Doogan) менен күч сынашып, атаандашын кармаштын биринчи бөлүгүндө эле 10:0 эсебинде уткан.

Жарым финалда ал япониялык балбан Юка Кагами менен күрөшөт.

Пикир

Оставить комментарий