• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 12.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 22-январда эркектер арасында волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат. Бул тууралуу КР аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, биринчилик үчүн үч лига боюнча мелдеш болот: улуттук лига, жогорку лига, “А” жана жогорку лига “В”.

“Улуттук лигада мыкты делген алты курама беттешет. “А” жогорку лигасында ла алты курама ойнойт. Ошондой эле жогорку “В” лигасында алты курама”,-деп билдирди КР волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагишев.

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча улуттук лигада ойно үчүн EREM (Ош), “Жаңы-Муун” (Ысык-Көл облусу), “Салам-Алик” (Бишкек), “Улар” (Бишкек), “Дархан ОшТУ” (Ош облусу), “Бажы” (Ош) командалары мүмкүнчүлүк алышкан.

Өлкөнүн учурдагы чемпиону оштун EREM клубу.

Пикир

Оставить комментарий