• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Россия президентинин атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-октябрда, Россия Федерациясынын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы Михаил Швыдкойду жылуу кабыл алып, үстүбүздөгү жыл Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жогору динамикасы жана интенсивдүүлүгү менен мүнөздөлгөнүн канааттануу менен белгиледи.

«2019-жылдын март айындагы Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына болгон биринчи мамлекеттик сапары тарыхый достук жана ишенимдин бекем салттарында негизделген стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин көрсөттү. 2020-жылды Кыргызстан менен Россиянын Кайчылаш жылы деп жарыялоо чечимибиз мунун айкын далили болуп саналат. Сиздин сапарыңыз дал ушул окуяга арналууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал бул жолугушуу Кайчылаш жылды өткөрүү боюнча кийинки кадамдарды аныктоого мүмкүндүк берип, россиялык кесиптештери менен туруктуу жолугушуулар өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарарын баса белгиледи.

«Бизге бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү, бул биздин мамилелерди андан ары тереңдетет. 2020-жылды Кыргызстан жана Россиянын Кайчылаш жылы деп жарыялоо Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө алдында символикалуу мааниге ээ», — деп белгиледи Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Россия тарап Кайчылаш жылдын алкагындагы иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүүгө максат койгонун белгиледи.

«Ушул жыл биздин кызматташтыктын бардык тармактарын камтыганы маанилүү», — деп баса белгиледи Михаил Швыдкой.

Эске салсак, 2019-жылдын 28-мартында Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки мамлекет башчылары тарабынан 2020-жылды Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын жана Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын Кайчылаш жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий