• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиянын Новосибирск шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жарлыкка ылайык түзүлгөн Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдук округу Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыйт. Ошол эле учурда жогоруда аталган аймактар Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун консулдук округунан чыгарылып, Екатеринбург шаарындагы аталган Башкы консулдуктун филиалы — Новосибирск шаарындагы Вице-консулдугу жабылды.

Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдук округу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын региондору менен ар тараптуу байланыштарын активдештирүү жана өнүктүрүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жарандарын консулдук тейлөө максатында түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий