• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Баткен облусунда жер титиреди.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 28-мартта болжол менен саат 23:59да катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Баткен районунун Кыштут, Тескей, жана Жаңы-Коргон айылдарында 2 баллага чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий